Түрк президенти Абдулла Гүл күрт козголоңчуларынын кол салуулары көбөйүп жатканына байланыштуу кеңешме өткөрүүдө. Соңку андай чабуул ишембиде Ирак менен чек ара аймагында орун алган. Күрт жумушчу партиясынын – PККнын сепаратисттери жүргүзгөн жортуулдан түрк армиясынын 12 жоокери окко учкан. Түрк куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы генерал Илкер Башбугдун айтымында, өкмөт козголоңчулар менен күрөшүү үчүн “узак мөөнөттүү” чара көрмөкчү. Ушул эле күнү АКШнын элчиси Жэймс Жеффри билдирүү жасап, Анкара PККга каршы күрөшүү үчүн жардам сураса, Вашингтон аны карап көрүүгө даяр деди. АКШ өкмөтү партияны террордук топтордун тизмесине киргизген. Күрт козголоңчулары Түркия аймагындагы автономия үчүн 1984-жылдан бери урушуп келатышат.