Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Апрель окуялары боюнча комиссия ишин жыйынтыктады


Ушул эле жылдын апрель жана май айларында Кыргызстанда болуп өткөн окуялардын себептерин иликтөө жана ага саясий баа берүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктап калды. Аталган комиссиянын жыйынтыктоочу отурумуна күч органдарынын, соттордун жана каржылык тескөөчү органдардын мурдагы жана учурдагы жетекчилери да катышты.

Аталган органдардын жетекчилери 2010-жылдын апрель жана май айларында болгон окуялардын себептери жана шарттары тууралуу комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйында бул окуялар боюнча комиссия жетиштүү фактылык материалдарды топтогонун, эми бул боюнча жыйынтыктоочу документ даярдап, аны Убактылуу өкмөткө сунуш кылуусу керектиги тууралуу чечим кабыл алында. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG