192 миллион долларга жетип калган карызынан улам Орусия кечээ Беларуска кетип жаткан газ басымын 15%га төмөндөткөн эле. Ошол эле учурда эки тараптын өкүлдөрү Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Беларус карызын эки апта ичи төлөп берерин, ошол эле учурда Орусия газ транзити үчүн Беларуска 217 миллион доллар өлчөмүндөгү карыз экендигин билдирүүдө. Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн айтымында, алар Орусия менен Беларус ортсундагы чатактан орус газынын Европага агымына зыян тийбейт деген ишенимде.