Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

НАТО Ооганстанда бир күндө он жоокерин жоготту


Жоготуу кол салуулардын жана тик учактын кыйроосунун натыйжасында болду. НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн билдиргенине караганда, төрт жоокер, анын ичинде үч австралиялык жана бир америкалык аскер алар түшкөн тик учак Кандагар провинциясында кыйраган учурунда каза тапты. АКШнын бир, Канаданын бир аскери Ооганстандын түштүгүндөгү жарылуу учурунда мерт болду. Ал эми америкалык үч аскер башка кол салууларга кабылган. Онунчу жоокер да Ооганстандын түштүгүнөн курман болду. Ал кандай жагдайда каза тапканы белгисиз. Франс-пресс агенттиги келтирген маалыматка караганда, НАТО жыл башынан бери 285, ушул айда эле 65 аскеринен айрылды.

XS
SM
MD
LG