Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов, шаар башчысы Максат Жээнбеков жана Сузак районунун акими баштаган бир катар адамдар Өзбекстандын Анжиян облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн коңшу өлкөнү карай чыгып кетишти. Алар Анжиян облусунун жетекчилиги менен качкындарды артка кайтаруу, аларга түрдүү жардамдарды берүү боюнча сүйлөшүшмөкчү. Бул тууралуу аталган делегация менен бирге Анжиянга жөнөп кеткен “Азаттыктын” Жалал-Абад облусундагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов маалымдады. (IJz)