Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

“7-апрель” кыймылы коомчулукту референдумга катышууга чакырды


“7-апрель” коомдук кыймылы бардык кыргызстандыктарды 27-июнда өтүүчү жалпы элдик референдумга катышууга чакырууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында кыймылдын төрагасы Өндүрүш Токтонасыров билдирди.

Анын айтымында, айрым партиялар менен саясатчылар учурда өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу референдумду өткөрбөй турууну талап кылышууда.

“Мындай демилге менен чыгып аткандар өлкөдө кан төгүлүүсүнө себепчи болгон мурдагы бийликтин саясатын жүргүзүп атканын билбей же билгиси келбей атышат. Референдумду үзгүлтүккө учураткысы келген андай адамдардын артынат эл ээрчибейт”,- дейт Өндүрүш Токтонасыров.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ата-Журт”, “Эл арманы”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары референдумду өткөрбөй туруу керектигин айтып, Убактылуу өкмөттүн дарегине сындарды айтышкан. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз кезегинде референдумдун мөөнөтүн узартуу өлкөдөгү кырдаалды дагы да курчутарын, бир катар күчтөр ага кызыкдар болуп атышканын айтышууда. Кыргызстандагы бир катар жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, ишкерлер бирикмелери, Бириккен улуттар уюму жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдөнгөн тараптар Убактылуу өкмөттү референдумду белгиленген мөөнөттө референдумду өткөрүүгө үндөшкөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG