Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

“Ак кызмат” кыймылы кыргызстандыктарга кайрылды


Ош облусундагы “Ак кызмат” кыймылы жалпы кыргызстандыктарга, Убактылуу өкмөткө жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда коомчулуктун назарына төмөндөгү он талап жарыяланды. Кайрылуусунда “Ак кызмат” кыймылы Убактылуу өкмөттү Маевка, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы трагедиялуу окуяларга жоопкер экендигин, Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларды геноцид катары чагылдырып аткандар туура эместигин жана буга карата тез арада тиешелүү чаралар көрүлүүсү зарылдыгын баса белгилейт.

Ошондой эле анда Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңды «Орто Азияны дестабилдештирүүгө аракеттенген күчтөрдүн жасаганы» деп баалаган Өзбекстандын президенти И.Каримовдун сөзү колдоого алынарлык экендиги, Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды басууга зор салымын кошкон адамдардын эмгеги жогору баалануусу керектиги айтылат.

Ошондой эле кайрылуунун айрым пункттарында кырдаалды курчутуп келген айрым маалымат каражаттары (УТРК, Мезон ТВ, “Алиби” жана “Дидор” гезиттери) жоопко тартылуусу керектиги, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Кара-Суу шаарларындагы, жана Ноокат, Араван райондорундагы бир өңчөй улуттардан турган айылдар этап-этабы менен аралаш жайгаштырыла баштоосу зарылдыгы эскертилген. (IJz)

XS
SM
MD
LG