Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда 251 адам каза тапты


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бүгүнкү саат түшкү он экиге карата баш-аламандыктарда каза тапкандардын ырасмий саны 251 болду. Медициналык жардам сурап жалпы 2192 адам кайрылган. Алардын 1033 ооруканаларга жаткырылса, 1139 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, айрым каза тапкан атуулдардын туугандарды сөөктөрдү медициналык пункттарга же моргго алып келбей эле жерге берген учурлар болууда. Ошол себептүү башаламандыктарда каза болгондордун саны ырасмий жарыялагандан алда канча көп болушу мүмкүн.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарынын баш аламандыктар болгон аймактарында санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Суулардын физикалык-химиялык курамы бузулган эмес. Бирок гуманитардык жардам катары келген азык-түлүктөрдүн ичинен айрымдарынын сактоо мөөнөтү өтүп, сапаты бузулуп калганы аныкталган. (IJz)

XS
SM
MD
LG