Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

ЕККУ Түркияны YouTube сайтын ачууга чакырды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУ Түркияга кайрылып, YouTube сыяктуу популярдуу сайтты ачууга жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандартты сактоого чакырды. Өткөн жылы Түркиянын өкмөтү тарабынан 5 миңден ашуун сайт жабылган. ЕККУнун эркин медиа боюнча өкүлү Дунйя Мижатович айымдын айтышынча, ал Түркиянын бийликтерин “сайтты ачып, жарандардын бүгүнкү дүйнөлүк маалымат коомунун катышуучусу болуусуна мүмкүндүк түзүүсүн” сурады.

Сайттар Түркияда Интернет боюнча 2007-жылы кабыл алынган карама-каршылыктуу мыйзамдын негизинде жабылган. Бул чара порнографиялык жана адамдын насил-нарктарын шерменде кылган сайттарды тыйуу максатында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG