Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Никарагуаны минадан тазалоого 21 жыл кетти


Никарагуа 1980-жылдардагы граждандык согуштан калган бардык миналардан тазаланды. Бул тууралуу Франсс Пресс агенттиги Никарагуа армиясынын башкы инженери Спиро Бассиге шилтеп маалымдады. “Муну менен Никарагуа миналарды колдонууга тыйуу салуу жөнүндөгү Оттава келишиминин шартын толук аткарды”,- дейт Басси. Анын айтышынча, Никарагуаны минадан толук тазалап, 180 миңдей минаны жок кылууга 21 жыл тынбай иштөөгө туура келген.

Өлкөдө жарандык согуш бүткөндөн бери минага кабылып, 87 адам набыт болгон жана 1 миңден ашуун адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG