Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Түштүктөгү окуяны Эл аралык сот карашы керек


Бул тууралуу Кыргызстандагы укук коргоочулардын кеңеши маалымат таратып, түштүктөгү июнь окуясын Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын таанууга Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсүн эл алдында өздөрүнүн мамилесин билдирүүгө чакырды.

Укук коргоочулардын көз карашында түштүктөгү кандуу окуя эч бир тарапка тартпай, калыс иликтөөнү талап кылат.

2002-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген Рим жобосунун негизиндеги Эл аралык кылмыш соту тукум курутуучулук, аскерий кылмыштарды, адамзатына каршы кылмыштарды чечет.

Укук коргоочулар Кыргызстан бул боюнча келишимге мүчө болбогону менен жобонун 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык соттун юрисдикциясын таанып, Эл аралык кылмыш сотунун катчысына июнь окуясы боюнча арыз жазып кайрылууга болоорун айтышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG