Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кумтөр алтын кенине 177 тонна жүк ташый турган техника келди


Ысык-Көлдөгү “Кумтөр” ишканасында 23-июндан баштап, узун туурасы 6-12 метрлик жүк ташуучу техника ишке кирди. “Катерпиллер” деп аталган бул техника 177 тонна жүк көтөрөт. Мындай ири техника Кыргызстанга биринчи жолу келди. “Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасынын президенти Роберт Вандер кенди 2019-жылга чейин өнүктүрүү үчүн 196 млн. доллар сарптаарын маалымдады.

11-июнда Кыргызстан менен Канада Тоң районунда кол койгон 2 тараптуу келишиминде коопсуздук маселесине да маани берүү камтылган. Анда негизинен Кумтөрдөн түшкөн акча каражаттын 50 пайызы Жети-Өгүз, Тоң жана Балыкчы шаарына бөлүп берүү каралган. (RB)

XS
SM
MD
LG