Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

19-майда Жалал-Абаддагы университеттин ичинен ок атышкан


Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы “Элдердин достугу” университетинин жанында 15-май күнү мурдагы депутат Кадыржан Батыров өзбек диаспорасынын өкүлдөрүн чогултуп митинг өткөргөн. Андагы айтылган сөздөр жергиликтүү “Ош ТВ” жана “Мезон ТВ” телеканалдары аркылуу чагылдырылып, айтылгандарга нааразы болгон облус жашоочулары 19-майда Жалал-Абад шаарындагы ат майданда митинг өткөрүшкөн. Нааразы болгон 2000 ашуун адам К.Батыровду кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан. Кийин алар саат 14:00 ченде“Элдердин достугу” университетинин алдына барышып, кимдиги такталбаган адамдар университеттин имаратын таш менен ургулашкан. Андан соң чогулган көпчүлүк окуу жайдын имаратына кирип барышкан. Кирип баргандарга каршы окуу жай ичинен ок атылып, натыйжада 73 адам жаракат алып, алардын үчөө октон каза тапкан.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы адам өлтүрүү, массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу, атуучу куралдарды сактоо жана алып жүрүү фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, натыйжада 54 адам жабырлануучу деп табылды.

Андан тышкары улуттар аралык араздашууну уюштурган деген айып менен “Дидор” гезитинин шеф-редактору Улукбек Абдусаломов жана Жалал-Абад шаарынын Билал мечитинин имамы Мухамаджон Ахмедов кармалып, камакка алынды. Тергөө-иликтөө иштери уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG