Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

“Балдарды сактоо” уюму жабыр тарткандарга жардам берет


Эл аралык “Балдарды сактоо” уюмунун өкүлдөрү менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева жолугушуп, Ош жана Жалал-Абад облустарында жабыр тарткан балдарга кандайча жардам көрсөтүү керектиги тууралуу маселелерди сүйлөшүштү.

Д.Ниязалиева тез арада балдарга жардам берүүнүн планын иштеп чыгып, канча бала жетим калганын, канчасы жоголгонун жана кимге кандай жардам керектигин аныктоону сунуштады. “Балдарды сактоо” уюмунун өкүлдөрү бул жерде “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун кызматкерлеринин көмөгүнөн пайдаланса болорун сунушташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактооминистрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG