Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

АКШ президенти Барак Обама генерал Стэнли Маккристалды кабыл алды


Жолугушуу жабык мүнөздө болду жана жарым саатка созулду. Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачысы АКШда чыгуучу Rolling Stone журналында жарыяланган материал жөнүндө түшүндүрмө берүү үчүн Кабулдан чакыртылган эле. Макалада генерал айрым ырасмий өкүлдөрдүн атына сын айткан эле. Сындалган адамдардан генерал кечирим сурады. Ооганстандын президенти Хамид Карзай генералды жактап, козголоңчуларга каршы күрөштө Маккристалдын стратегиясын колдой турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG