Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Качкынсыңарбы, качан кайтасыңар үйгө?


Кыргыз-өзбек чек арасына качкан качкындар, 17-июнь
Кыргыз-өзбек чек арасына качкан качкындар, 17-июнь

Өзбекстанга өтүп кете албай, учурда Кыргызстан мнен Өзбекстандын чек арасына жакын жерде качкын сыпатында күн кечирип аткандардын акыбалы кандай?

Биз Ош шаарынын тургуну, өзбек улутундагы драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, учурда Кыргызстан-Өзбекстан чек арасына жакын жерде качкын сыпатында күн кечирип аткан Абдуганы Абдугафуров менен телефон-маек курдук. (Маек 23-июнда жүргүзүлгөн)

“Азаттык”: - Абдыганы аке, азыр сиз кайсы жерде турасыз?

Абдыганы Абдугафуров: - Мен азыр ВЛКСМ айылында турам, бул жерде качкындар турушат. Өзбекстанга өтө албай калгандар турушат, ошолордун арасында жүрөбүз.

“Азаттык”: - Кыргызстан чек арасынын кайсыл тушундасыз, “Достук” жактабы?

Абдыганы Абдугафуров: - Аэропорттун артында, ары жакта Өзбекстандын чек арасы бар.

“Азаттык”: - Канча киши барсыздар ал жерде? Кайтып бара элексиздерби Ошко?

Абдыганы Абдугафуров: - Төрт миңдей адам бул жерде. Кайтып бара элекпиз, себеби азыркыга чейин Оштун биз жашаган Зайнабиддинов көчөсүндө дагы эле анча-мынча ээн баштар жүрөт имиш. Орунбай деген молдокебиз бар, менин жакшы досум ал киши, биздин үйлөргө да көз салып турат. Тополоң башталган биринчи күнү үй-бүлөбүз менен ошонун үйүндө жатканбыз. Ал айтып атат азыркыга чейин тынчыган жок, кичине токтоп тургула деп.

“Азаттык”: - Сиз үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз менен чогуусузбу же кандай?

Абдыганы Абдугафуров: - Жок, үй-бүлөм, бала-чакам Өзбекстанга өтүп кеткен качкындар менен, мен болсо бир уулум менен бул жердемин. Алар качкындардын лагеринде жатышат тигил жакта. Биз жакта азыр деле анча-мынча чыр-чатак болуп атат. Жоокерлер келип качкындарды кууп-кармап, паспортторун текшерип, анан машинага салып кетип жатышат. Ошон үчүн да бизде проблема көп.

“Азаттык”: - Ошондой нерселерди угуп атасызбы, же өз көзүңүз менен көрдүңүзбү?

Абдыганы Абдугафуров: - Көрдүм, эки баланы уруп алып кеткенин көрдүм.

“Азаттык”: - Кечээ Анжияндын губернатору менен сүйлөшүп, качкындарды кайтаруу аракетин жасап башташты го. Силерге расмий бийлик өкүлдөрү келип, кеп-сөз айткан жагдайлар болдубу?

Абдыганы Абдугафуров: - Жок, айткан жок, бирок биз өзүбүз айтып атабыз – тынчып калды, үйлөрүбүзгө кайтып баралы деп. Мен эч ким менен расмий жолугушкан жокмун.

“Азаттык”: - Референдум жөнүндө сиздин айланаңыздагылар кандай пикирде болуп атышат?

Абдыганы Абдугафуров: - Эгер мамлекетте ушуну менен тынчтык орной турган болсо – референдумга катышабыз деп атышат, колдойбуз деп атышат. Кээ бир жоокерлерге ишенич болбой атпайбы минтип. Булар – бизге келип аткандар кимдер? Өкмөттүн аскерлериби, же үчүнчү күчтүн калдык-нелериби, ажырата албай атабыз.

“Азаттык”: - Сиз өзүңүз, мисалы, облустук бийликтеги кишилерди тааныйсыз, алар да сизди толук таанышат, мындай бир байланышка чыгып, жагдайды айтып бере алган жоксузбу? Көпүрө түзүп?

Абдыганы Абдугафуров: - Бир-эки укук коргоочуга айттым эле, алар чара көрөбүз деп атат. Андан кийин комендатурага телефон чалдым.

“Азаттык”: - Ким менен сүйлөштүңүз?

Абдыганы Абдугафуров: - Бахтияр Фаттахов менен сүйлөштүм, ушундай болуп атат дедим. Азиза Абдырасулова биз жакка келип, мындай болбойт, биз аскерлерди тартипке чакырттырабыз, коркпой үйүңөргө кайткыла деп кетиптир. Мен анын өзүнө жолуккан жокмун, эл айтып атат.

“Азаттык”: - Ош шаарынан анча деле алыс эмес жерде экенсиздер, сиздердин топтон эч ким кайтып бара элекпи Ошко?

Абдыганы Абдугафуров: - Кайтып атат, 400-500 чакты адам кетишти.

“Азаттык”: - Көчөлөрүндө тынчтык орноп калгандар кетип аткан тура.

Абдыганы Абдугафуров: - Бүгүн деле кетип атат, биз дагы бир-эки күндүн ичинде кетебиз.

“Азаттык”: - Мына ошол качып чек арага жакын келген кезден берки турмушуңуздарды сүрөттөсөңүз, эмне ичип-жеп аттыңыздар, жаан болуп атты эле, эмнеге калкаландыңыздар?

Абдыганы Абдугафуров: - Ошол ВЛКСМ айылындагы элге чоң ыракмат, үйлөрүн бошотуп берип, 20-30 адам бир үйгө батып жатып аттык, баарына тамак-аш берип, багып атат. Үч күндөн бери гуманитардык жардам келе баштады. Кыргызстан гумжардам бере баштагандан бери Өзбекстан токтотуп койду гумжардамын. Ага чейин алар да берип турушкан эле. Азыр элдин маңдайы көтөрүлүп, кайталы деп атышат.

XS
SM
MD
LG