Бул жөнүндө бүгүн өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Кыргызстандын калкына кайрылуу сөзүндө айта кетти. Бир эле учурда мамлекет жетекчиси өлкөдөгү кыйчалыш кырдаалга карабай, Убактылуу өкмөт референдумду уюшкандыкта өткөрүү, шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу, качкындардын кайтып келиши, талкаланган, өрттөлгөн үй-жайларды, имараттарды калыбына келтирүү боюнча чукул чараларды көрүп жатканын билдирди. (КС)