Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” референдумга даярдык боюнча узак мөөнөттөгү байкоочуларынын маалыматын берет. Анда референдум өткөрүүгө даярдыктар, шайлоочулардын тизмеси, шайлоо комиссияларын түзүүгө, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга баа берилет. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, референдумда “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” 1 миң байкоочусу 500 шайлоо участкасында байкоо жүргүзөт. (AJ)