Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Укук коргоочулар Жогорку Кеңеш алдына митингке чыгышат


Бүгүн саат түшкү 12.00 дө жарандык активисттер укук коргоочу Азимжан Аскаровдун укугун коргоо талабы менен Жогорку Кеңеш имаратынын алдына митингке чыгышат. Митинг уюштуруучулары убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаровдун прокуратура органдарынын башында турган адам катары камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыйноолорго тушугуп жатышына кайдыгер мамилесин сынга алышат. Бул тууралуу “Балдарды коргоо лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди.

Аскаров тополоң чыгарган жана улут аралык касташууга жем таштаган деген кине менен 15-июнда Базар-Коргондо кармалган. Мыйзамга ылайык, расмий айып ага 48 сааттын ичинде тагылууга тийиш эле, бирок убакыт андан да создугуп кетти. Укук коргоочулардын ырастоосунда, бийлик анын өзү тандаган адвокат менен жолугушуусуна тоскоолдук түзүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG