Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча декрет кабыл алынды


Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча чаралар тууралуу” декретке кол койду. Декретке ылайык түштүктөгү калабадан жапа чеккен бул эки шаарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт. Дирекция жетекчиси убактылуу өкмөт башчысы тарабынан дайындалып, ага убактылуу өкмөт башчысынын орун басары макамы берилет. Өкмөттүн жаңы курамы бекигенден кийин дирекция жетекчиси вице-премьер-министр милдетин аркалайт.

Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Убактылуу өкмөт төрайымы кол койду.

Ош облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин "Кател" компаниясынын башкы директору болуп иштеп келген. (EK)

XS
SM
MD
LG