Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Таласта шайлоочулардын саны кайрадан такталды


Ушул айдын жетисине чейинки маалымат боюнча, облуста 115 миң 447 шайлоочу бар деп атайын иш кагаздарда жазылып келген. Облустук убактылуу бийлик өкүлдөрү участкалык комиссиялардын жардамы менен шайлоочулардын санын ар бир үйдү кыдыртып, кайрадан тактаттырганда, облуста азыркы тапка 98 миң 627 шайлоочу бар экени маалымдалды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, айырма болуп жаткан 17 миңге чукул шайлоочу сода-сатык жана башка иштер боюнча Кыргызстандан башка мамлекеттерге чыгып кетишкен. Ал эми айрым серепчилердин пикирлерине таянсак, жогоруда такталган маалыматтар да так эмес жана көптөгөн шайлоочулар мурдагыдай эле тизмеге кирбей калышкан.(UA)

XS
SM
MD
LG