Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда жекшембиге белгиленген референдум акыйкат, ачык жана бурмалоосуз өтөт ко деген үмүтүн билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Филипп Кроули жума күнү чыгып сүйлөп, АКШнын Бишкектеги элчилиги да референдумга байкоо жүргүзүү үчүн чакан топту түзгөндүгүн, бул топ жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар менен бирге иш алып бараарын билдирди.