Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Ош облусу боюнча комендант Бакытбек Алымбеков Ош шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шаарда кичи базарлар, дүкөндөр, айрым ишкана-мекемелер иштеп, коомдук транспорт жана менчик таксилер жүрө баштады. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Б.Алымбеков Ош облусу боюнча 300дөй үй күйгөндүгүн, калгандарында жашоого боло турганын кошумчалаган. Ал ошондой эле тополоңдо үй-жайын таштап качкандарды кайтып келүүгө үндөдү. (КЕ)