Пакистандык уруулардын башкаруусундагы Түштүк Вазиристан аймагында болгон эки кагылышууда армия эки жоокеринен ажырып, 10 согушчан катардан чыгарылды. Бул жөнүндө Пакистандын коопсуздук күчтөрү маалымдады.
Германиянын ДПА агенттиги уруш Мохманд районундагы Кода-Кел чек ара бекетинде жана коңшулаш Оракзай аймагында болгон. Пакистан армиясы эрегишчилерге каршы былтыр баштаган операциядан кийин миңдеген талиптер менен “ал-каидачылар” уруулардын ээлигиндеги Оракзай аймагынан баш паанек тапкан.