Ирак төрт мунай иштетүүчү завод курганга инвесторлорду издөөдө. Мунай министри Хусейн Шахристанинин билдиришинче, төрт ишкананын долбоорлук баасы 23 миллиард доллар болот жана пайдалууга берилгенден кийин күнүнө 740 миң баррель мунай чыгарууга тийиш. Азыр Ирандагы кара май иштетүүчү 11 ишкана күнүнө 550 миң баррель мунай чыгарат.