Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Р.Отунбаева Ош шаарында референдумга катышты


Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн жалпы элдик референдумга катышуу үчүн Ош шаарына учуп барды. Аны аба майданынан Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Исмаил Исаков, Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Көлбай Мусаев жана Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков тосуп алышты. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Р.отунбаева Ош мамлекеттик университетинде жайгашкан 5298-номурлуу учаскага барып добуш берди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, бүгүн өтүп аткан жалпы элдик референдумга бир пакет менен эки маселе коюлууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG