Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Бүгүн Кыргызстанда Конституция боюнча референдум өтүп жатат


Өлкөдө 7-апрелде ыңкылап жолу менен бийликке келген убактылуу өкмөт бул референдумду өзүн мыйзамдаштыруунун жалгыз жолу катары атап жатат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, өлкө Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик республикага айланышы керек. Кыргыз бийлиги референдумдун алдынан өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактарда коменданттык саатты алып салган эле. Тополоң-жаңжалдын очогу Ошто кагылышууларда кеминде 275 адам набыт болду. Айрым укук коргоочулар түштүктөгү ушул айдагы этностор аралык кагылышууларды эске алуу менен, референдум учурунда да тополоң чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдиришкен. Бирок жергиликтүү бийлик шайлоочулардын коопсуздугу толук камсыз кылынаарын айтууда.

XS
SM
MD
LG