Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

К.Байболов жана Б.Асанов добуш беришти


Жалал-Абад шаарынын биринчи кесиптик лицейинде жайгашкан 2098-номурлуу шайлоо учаскасында биринчилерден болуп облустун коменданты Кубатбек Байболов жана облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов добуш беришти.

К.Байболовдун айтымында, облустагы 407 шайлоо учаскасы бүгүн бир убакта, кечигүүсүз ачылды жана алардын бардыгына коопсуздукту сактоо максатында кошумча күчтөр коюлду.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен жалпы республика боюнча 2281 шайлоо учаскасы ачылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG