Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Мексика: Баңгилерди дарылоо борборуна дагы бир чабуул жасалды


Мексиканын түндүгүндө куралчан адамдар Баңгилерди дарылоо борборуна жасаган чабуулда 9 киши өлдү, тогуз киши жараат алды. Бийликтердин маалымдашынча, куралдуу кол салуу 26-июнь түнү Дуранго штатындагы Гомес Паласио шаарында болгон. Окко учкандардын баары, анын ичинде дарылоо борборунун эгеси эркектер экенин жергиликтүү прокуратура кабарлады.

Ай башында Чихуахуа штатында да ушундай эле дарылоо борборуна кол салынып, 19 кишинин каны төгүлгөн. Бул маң аткезчилери ортосундагы каршылашкан топтордун өз ара өч алуусу деп боолголонгон.

XS
SM
MD
LG