Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Нарында активдүүлүк алтымыш пайыздан ашты


Нарын облусунда алынган акыркы маалымат боюнча тизмеге кирген 149 476 шайлоочунун алтымыш эки пайызы келип добуш берди.

Эртелеп добуш берүүгө барып келген Нарын шаарынын тургуну, өзбек улутундагы Бүбүайша Турсунбаева тынчтык болот деген терең ишенич менен барып добуш берип келгенин, добуш берүү тоскоолдуксуз жакшы өтүп жатканын айтты.

Уйгур улутундагы Асек аттуу адам да референдумду тынч таза өтүп жатат деген ойдо:

- Буйруса абдан жакшы, элдин маанайы жакшы, ушундай шайлоо болсо эл үчүн, биз үчүн да абдан жакшы. Мен аябай кубанычтамын.

Нарын шаарындагы № 4075 шайлоо бекетинин башчысы Мамашев Кашкелең азыркы референдум менен мурдакылардын айырмасы абдан чоң деп эсептейт.

- Айырмасы асман менен жердей болуп атпайбы. Мисалы, өздөрү көңүлдөрү менен келип салып атышат, кыйнап артынан түрткөн, унаа менен жүктөп келген кишилер жок.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө майда-барат техникалык каталар кетип атканы айтылууда. “Алмаз Нарын” радиосунун кабарчысы Талант Ниязбеков бюллетень алган соң эч ким ага кол койдурбаганын билдирди.

- № 4069 добуш берүү бекетине бардым эле, бүгүн ал жактан баргандан кийин менин паспортумду бир жолу карашты да бюллетень беришти мага, эч нерсе дешкен жок, каттоо да болгон жок, колумду да койгон жокмун. Өзүм таң калып эле келе бердим.

Нарын шаарынын референдум өткөрүү комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев азырынча аларга мыйзам бузуулар жөнүндө арыз-даттануулар түшө электигин билдирди.

Нарын райондук референдумду өткөрүү комиссиясынын төрагасы Мадинов Орозобектин айтымында, бул район боюнча шайлоочулардын дээрлик 50 пайызы жайлоодо, бирок ошого карабастан добуш бергендер элүү пайыздан ашты.

XS
SM
MD
LG