Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Торонтодо анархистер тополоң салышты


Кечээ ишемби күнү Канаданын Торонто шаарында Чоң жыйырманын саммитине каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрация болду. Тынч жүрүштүн катышуучуларынан бөлүнгөн кара кийимчен анархисттер полициянын машинелерине өрт коюп, дүкөндөрдүн, банктардын жана майда кафелердин терезелерин таш-талкан кылып чагышканы кабарланды.

Торонтонун эки районунда, анын ичинде шаардын финансылык борбору жайгашкан Bay Street районунда полициянын унааларына өрт коюлган. Ал эми Queen Street көчөсүндө дүкөндөрдүн терзелери жана гезит сатчу күркөлөр талкаланган.

Торонто полициясынын акими Билл Блэр тополоңдун айрым уюштуруучулары кармалаганын билдирди:

- Баш-аламандыкка катышкан талоончу көчмө топтун бети-башын жашырып кара кийинген мүчөлөрү Квин парктан кийимдерин алмаштырганы баратканда полиция аларды көзөмөлдөп турду. Полиция алардын кээ бирлерин камакка алды.

Полициянын маалымдашынча, 26-июнда бейбаштык кылган 30дан ашык адам кармалган.

XS
SM
MD
LG