Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Референдумда көпчүлүк “макул” деп добуш беришти


Кечээ Кыргызстанда өлкөнүн парламенттик республика болушун шарттай турган жалпы элдик референдум өттү. Жыйынтыктар боюнча, жалпы шайлоочулардын 69,48 пайыздан ашууну референдумга катышты.

Референдумдун алдын-ала жыйынтыктарына караганда, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи болуп парламенттик багытты тандаган мамлекетке айланууда. Борбор Азия мамлекеттери арасында биринчи жолу аял киши президенттик кызматка келе турган болууда. Референдумда шайлоочулардын 90,74 % “макул” деп добуш беришсе, 7,94 % “жок” деп добуш беришкен. Ушул сааттарда эсептеле элек аз гана бюллетен калды жана алар референдумдун жыйынтыгына таасирин тийгизе албайт. (IJz)

XS
SM
MD
LG