Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Түштүктө тополоңдо каза болгондордун саны 294 болду


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынан билдиришти. Маалыматка караганда, түштүктөгү башаламандыктарда каза тапкандардын расмий саны 294 болду. Медициналык жардам сурап 2239 адам кайрылган. Алардын миңден ашыгы ооруканаларга жаткырылып, дагы ошончо адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Ош облусунда 20-июнда бери аты-жөнү такталбаган 42, ал эми Жалал-Абад дубанында 1 адамдын сөөгү жерге берилди. Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда бүгүнкү күндө дагы 22 сөөктүн аты-жөнү такталбай жатат.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда каза болгондордун саны расмий маалыматтардан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айткан болчу. (EK)

XS
SM
MD
LG