Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Референдум олуттуу мыйзам бузуулары жок өттү


Бул тууралуу “Таза шайлоо” жана “Демократия үчүн” коалициясынын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Байкоочулар добуш берүүну уюштурууда майда калпыстыктар кеткенин айтып, бирок жалпысынан элдик добуш берүү таза өткөнүн белгилешти. Укук коргоочу Динара Ошурахунова Ош жана Жалал-Абад шаарларында негизинен бир адам жалпы үй-бүлөө мүчөлөрү үчүн добуш берем деп чекиликке жол бергендер болгонун билдирди. Анын айтымында түштүктө адамдар дагы эле өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып сыртка чыгуудан коркуп жаткандыгы буга себеп болууда. Ошондой эле байкоочулар референдумда бармак белги коюуда бир катар калпыстыктар кеткенин да белгилешти. (EK)

XS
SM
MD
LG