Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Ооганстанда беш НАТО аскери набыт болду


НАТО менен тутумдаш болгон Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрүнүн беш аскери, анын ичинен төртөө норвегиялыктар Ооганстанда көз жумду. Норвегиянын коргоо министри анын өлкөсүнүн төрт жараны кечээ жекшембиде Ооаганстандын түштүгүндө мерт болгонунун тастыктады. Ал эми бешинчи аскер куралчан топтун кол салуусу учурунда өлтүрүлгөн. Июнь айынын ичинде эле баш аягы токсондон ашуун коалициялык күчтөрдүн аскерлери набыт болгон. 2009-жылы 520 аскер көз жумса, бул жылдын ушул айына карата курмандыктардын саны 310 кишиден ашып кеткени белгиленди.

XS
SM
MD
LG