Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

И.Исаков парламенттик шайлоого барат


Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков алдыдагы парламенттик шайлоого барат. Бул тууралуу ал Ош шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, И.Исаков бир ай мурдараак партия түзгөн жана анын күздө өтөрү пландалып аткан парламенттик шайлоого катышууга ниетти бар экени айтылып аткан. Азыр И.Исаков ал ниетин ачыктаганы менен азырынча парламенттик шайлоого кимдер менен барарын, башка партиялар менен биригерин же өзүнчө барарын айткан жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG