Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

БУУнун баш катчысы референдумдун тынч өткөнүн кубаттады


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана анын атайын өкүлү Кыргызстанда өткөрүлгөн Конституциялык реферерендумду кубаттап, жакында эле болуп өткөн тополоңго карабай добуш берүү тынч өткөнүн белгилешти. Бул тууралуу БУУнун интернет сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча референдумга добуш берүү маалында Кыргызстанда болуп, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева менен жолугушуп добуш берүү ачык-айкын өткөнүн билдирген.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Нью-Йоркто журналисттер менен жолугушууда атайын өкүлү Мирослав Енчанын маалыматына шилтеме жасап, Кыргызстанда референдум тынч маанайда өтүп, шайлоочулар жигердүү катышканын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG