Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

“Баткен таңы” гезитинин редакторуна кылмыш иши козголду


«Баткен таңы» гезитинин редактору Адылбек Акматов редакциянын эки кабат имаратын өзүнө мыйзамсыз менчиктештирип алган жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, убактылуу кызмат ордунан четтетилди. Облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары редакциянын каржылык ишмердиги боюнча да облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүп жатканы маалымдалды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти.

Гезитке таандык эки кабаттуу имаратты жыл башында облустук гезиттин жамааты аукциондон сатып алган, бирок баш редактор кол астындагы кызматкерлер менен келишим түзүп жеке менчигине өткөрүп алган болчу. Аталган имарат азыркы учурда көз карандысыз баалочулардын баасына ылайык алты млн сомго бааланган, ал эми аукциондо 2 млн. 400 миң сомго сатылган болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG