Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңдон жабыркаган 850 бала 30-июнь күнү Ысык-Көлгө келди. Алардын 380и «Телтору», 250сү «Ден соолук», эки жүзү «Маяк», элүүсү «Орленок» эс алуу жайларына жайгаштырылды. Мектеп окуучулары 15 күн акысыз эс алат. Бирок Ысык-Көл районунун акими Нурлан Насирдинов ага акча каражаты азырынча толук чечиле электигин билдирип, коомчулуктан жардам сурады. (RB)