Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Француз парламенти футболчуларды сурак кылды


Франциянын футбол боюнча улуттук командасынын машыктыруучусу Раймонд Доменек жана Футбол федерациясынын президенти Жан-Пьер Эскалетт бүгүн өлкө парламентине отчет беришти. Франциянын футбол федерациясынын суранычы боюнча жыйын жабык өттү. Шейшемби күнү Эл аралык футбол ассоциациясы - ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер эгер саясатчылар футболго кийлигишүүнү токтотпосо, Франция мүчөлүктөн чыгып калышы мүмкүн экенин эскерткен. Андай болгондо Франция эл аралык мелдештерге катыша албай калат. Франция Түштүк Африкада өтүп жаткан футболдук чемпионаттан өткөн аптада эле чыгып калган.

XS
SM
MD
LG