Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссары Ошто болду


Комиссар Антонио Гуттереш адегенде Оштогу этникалык кагылышуудан жабыркаган өзбектер жана кыргыздар менен жолукту. Алардын турмуш-шартына жана азыркы акыбалына абай салып, кыйын күндөрдө бозгундар көчөдө калбай тургандыгын, аларга Кыргызстан жана чет өлкөлөр тийиштүү деңгээлде жардам беришээрин жар салды. Ал андан ары өз сөзүндө кандуу калабадан жапа чеккендерге алгачкы ирет ири өлчөмдөгү гуманитардык жүктөр, айрыкча чатырлар, кийим-кечелер жана азык-түлүктөр таратылаарын кошумчалады.

Жооп иретинде сүйлөгөн жергиликтүү тургундар дүйнөлүк абройлуу уюм Кыргызстандагы саясий туруктуулукту калыбына келтирүүдө жакындан жардамдашуусун көпптөн-көп суранышты. (ATo)

XS
SM
MD
LG