АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн командачысы катары анын талапкерлигин президент Барак Обама сунуштаган. Генерал Дэвид Петреус генерал Стэнли Маккристалдын оордун ээлейт. Маккристал АКШнын жогорку бийлигин сындаганы үчүн өткөн аптада кызматынан бошотулган.