Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Р.Отунбаева АКШнын мамкатчысынын орун басарын кабыл алды


Бүгүн Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысынын калкты жайгаштыруу, качкындар жана миграция маселелери боюнча жардамчысы Эрик Шварцты кабыл алды. Р.Отунбаева мамлекеттеги учурдагы кырдаал, өлкөнүн түштүгүндөгү абалды калыбына келтирүүдөгү кечиктирилгис чараларды көрүү, жабыр тарткан атуулдарды жайгаштыруу боюнча маалымдады.
Өз кезегинде Э Шварц Өткөөл мезгилдин президентин референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Өзбекстан, Оштогу иш сапарындагы таасир калтырган маселелер боюнча ой бөлүштү.
Жолугушууда тараптар эл аралык коомчулукка байланыштуу түштүк аймагынын тургундарынын бири-бирине ишенимин арттыруу, туруктуулуктуу орнотуу жана кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.

Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары А.Атамбаев да бүгүн Э.Шварц менен жолугушуп, Ош,Жалал-Абаддагы коогалаңдын кесепеттери жана аны жоюу боюнча пикир алыты. А.Атамбаев кыш киргенге чейин түштүктө жабыркагандардын турак-жай маселеси чечилерин билдирди.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG