Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Ош шаарындагы тополоңдо 295 үй күйүп кеткен


Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматын таратты. билдиришти. Расмий маалыматка караганда оштогу топоплоңдо социалдык 3 обьект жана 11 турак жай таланып-тонолгон. Учурда мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан турак-жайлардын жана обьектилердин документтери иликтенүүдө. Үй-жайларынын талкаланганы боюнча Ош шаарынын 309 тургуну арыз менен кайрылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин комиссиясы келтирилген чыгымдар тууралуу маалымат топтошууда.
Аталган министрликтин комиссиясы 412 үйдү жана 32 коммерциялык обьектти текшерип чыккан.
Маалыматка караганда Ош коогалаңында 215 эркек, 15 аял, 2 бала каза болгон.
БУУ тарабынан “Алымбек датка” №7 Аймактык кеңешине 200 чатыр, 1 миң жылуу жууркан, 400 канистр, 400 таар буюм, ашканага керектелүүчү идиш-аяктын 200 тобу берилген. Ушундай эле гуманитардык жардам “Ак-Буура” аймактык кеңешине да таркатылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG