Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Петреус карапайым оогандардын өлүмүн азайтууга убада кылды


АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы жаңы кол башчысы Брюсселде НАТОнун баш катчысы Андрес Фог Расмуссен менен жолугушууда сүйлөдү:

– Козголоңчуларга каршы күрөштө адам баласы жашаган аймактар маанилүү аймак болуп саналат. Ошондуктан тургундарды коргоп, күнөөсүз адамдардын арасындагы чыгымды азайтуу үчүн бардыгын жасаш керек.

Ооганстанга бараткан жолдо НАТО жетекчилигине маалымат берген генерал Давид Петреус ошондой эле Ооганстанда кырдаалдын оңолушуна караганда оорлонушун күтүү керектигин эскертти. Журналдагы макалада АКШнын жетекчилиги тууралуу тескери мазмунда сүйлөгөн генерал Стэнли МакКристал кызматынан алынгандан кийин, генерал Петреус ушул шаршембиде АКШнын сенатында бекиди.

XS
SM
MD
LG