Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Вугар Халиловдун соту 6-июнда болот


«MGN group» компаниясын башкарып келген Евгений Гуревичтин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири делген “Flexi Communication” компаниясынын башкы директору Вугар Халиловго каршы козголгон кылмыш иши аяктап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Вугар Халилов 12-апрелде кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абагына отургузулган болчу.

7-апрелден кийин Башкы прокуратура Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жакындары жана айрым ишкерлер коррупциялык схемаларды түзгөн, арам акчаларды адалдашкан, башка бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алышкан, өтө чоң өлчөмдө мамлекеттик мүлтү талап-тоношкон деген жүйө менен кылмыш иштерин козгоп, натыйжада “Flexi Communication” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов да кармалган. Ал эми Максим Бакиев, Евгений Гуревич өңдүү кылмыш ишиндеги башкы каармандар шектелгендер өлкөдөн качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Учурда Максим Бакиев Англияда. Башкы прокуратура аны Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнүп Англиянын тиешелүү органдарына кайрылганы менен азырынча бир жаңсыл жооп боло элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG