Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Наримандык 7 адам кылмышка шектелип кармалды


Алар Оштогу тополоңдо ок атуучу курал колдонуп, Нариман айылында жайгашкан мамлекеттик маанилүү обьекттердин бири, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык “Чукул кырдаалга таасир берүүчү түштүк борборун” басып алышкан делип шектелүүдө.

Маалыматка караганда, аталган борбордун кампасынан инженердик техника, баалуу материалдык товарлар, акча каражаттары уурдалып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул кылмышка тиешелүү делип шектелип Нариман айылынын 7 тургуну кармалып, алардын үйлөрүнөн мамлекеттик мекемеден уурдалган буюмдар чыккан. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG