Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

“Азаттык” демократиялык партиясынын I курултайы болду


А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн жыйынга 1 миңден ашуун делегат катышып, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууланып, партиянын уюштуруу маселеси каралды. Курултай соңунда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин 17 кишиден турган мүчөсү бекитилип, кыргыз элине кайрылуу жолдонду. Анда, өлкөнүн туруктуулугу үчүн ар бир атуул жоопкерчилик менен мамиле кылуу, алдыдагы парламенттик шайлоодо акыл-эс менен жыйынтык чыгарып таза, күчтүү партияга добуш берүү зарылдыгы айтылган.

“Азаттык” партиясын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жакында эле түптөгөн. Ал парламенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталары менен ээлеген кызматтан кетерин билдирген.

“Азаттык” үналгысынын жаңыдан түзүлгөн “Азаттык” партиясына эч бир тиешеси жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG