Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Эртең Өткөөл мезгилдин президентинин кызматка кирүү салтанаты болот


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын кызматка киришүү салтанаты (инагурация) Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлөт. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда салтанатка коомчулуктун өкүлдөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Роза Отунбаева 7-апрелдеги Элдик ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, 27-июндагы референдумда көпчүлүк шайлоочулар Конституциянын жаңы долбоорун колдоп добуш бершип, ага ылайык Өткөөл мезгилдин президенттигине Роза Отунбаева бекигенин БШК кечээ жарыялады. (AJ)

XS
SM
MD
LG