Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Президент Обама Иранга каршы санкцияга кол койду


Президент Барак Обама Иранга каршы мурдакыдан катаал жаңы санкция киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. АКШ президентинин сөзүнчө, жаңы санкция Тегерандын ядролук программасын каржылоосуна олуттуу жолтоо болот.


-Бул жана башка санкция санкциялар Иран өкмөтүнүн ядролук программасын каржылап, өнүктүрүүсүнө таамай сокку урат. Мунун менен Иран өкмөтүнө анын аракеттеринин кесепетин көрсөтүүдөбүз. Эгер Иран көшөрө берсе, өлкөнү изоляциялоо күчөй берет.

Өөткөн аптада Конгресстин эки палатасы бекиткен береги мыйзам Ирандын ыңкылапчыл корпусу, анын газ жана башка отун энергия ресурстарын импорттоосуна каршы багытталат.

XS
SM
MD
LG